15:04
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Кыргызфармация» ишканасынын директору кызматынан бошотулду

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору Гүлмира Шакирова жана дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин башчысы Мариям Жанкорозова кызматтарынан бошотулду. Маалыматты 24.kg басылмасына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунан тастыкташты.

Алардын жумуштан кетишинин себептери айтылаган жок.

Эске салсак, Гүлмира Шакирова 2024-жылдын 10-апрелинде, ал эми Мария Жанкорозова 2023-жылдын июлунда дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар