RSF Кыргызстандагы иликтөө журналистикасына каршы репрессиялык чараларды сындады

10:48, 17 января 2024, Бишкек - 24.kg

«Чек арасыз кабарчылар» уюму (RSF) Кыргызстандагы иликтөө журналистикасына каршы репрессиялык чараларды сындады. 16-январда Temirov Live YouTube-каналында иштеген жана коррупцияны чагылдырган 11 журналист күмөндүү негизде камакка алынган. RSF алар токтоосуз бошотулушу керектигин билдирди.

Камакка алуулар эртең менен эрте Temirov Live долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызынын үйүндө башталган. Бир нече сааттын ичинде милиция коррупцияга байланыштуу журналисттик иликтөөлөрдүн үстүндө иштеген 11 журналистти камакка алды.

ИИМ тинтүү иштери башталгандан көп өтпөй билдирүү таратып, Temirov Live и «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Күмөндүү айыптоонун негизинде камакка алуунун бул толкуну жергиликтүү иликтөө журналистикасын тазалоого барабар. Камакка алынган 11 журналисттин бир жалпылыгы бар. Алардын баары Temirov Live каналында иштешкен. Коррупцияны иликтөө кылмыш эмес жана милиция коркутуу куралы катары колдонулбашы керек. Биз журналисттерге болгон бул аңчылыкты сындайбыз жана кыргыз бийлигин аларды тез арада бошотууга чакырабыз», — деп билдирди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы бөлүмүнүн жетекчиси Жанна Кавелье.

Болот Темировдун айтымында, камакка алуулар 4-октябрда коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун байланышын далилдеген иликтөөгө байланыштуу болушу мүмкүн.

УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келишип, башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишкен. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган.

УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.