Бишкекте ЖМКнын 11 өкүлү 48 саатка камакка алынды

09:44, 17 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ЖМКнын 11 өкүлү 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Махаббат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков камалган.

Адвокат белгилегендей, алардын бардыгы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) шектелүүдө.

Бул берене боюнча беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги «Айт Айт Десе» жана Temirov Live социалдык баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.