Азия Кубогу. Кыргызстандын курамасы Таиландга утулуп калды

09:23, 17 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын курама командасы Дохадагы «Абдулла бин Халиф» стадионунда Таиланддын командасы менен ойноду. Курама Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттешин өткөрдү. Оюнду «УТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөттү.

Беттеш Таиланддын пайдасына 2:0 эсебинде аяктады.

КФС
КФС
КФС
КФС
КФС

Эскерте кетсек, Катарда 24 улуттук курама команданын катышуусунда футбол боюнча Азия Кубогу өтүүдө.

21-январда Кыргызстандын командасы Сауд Арабия, ал эми 26-январда Оман менен ойнойт.