Кыргызстан жана Тажикстан чек аранын 38,35 чакырымын макулдашты

17:07, 16 января 2024, Бишкек - 24.kg

10-январдан 16-январга чейин Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Топографиялык жумушчу топтор чек аранын 38,35 чакырымын макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.