Норвегиянын Хельсинки комитети 24.kg агенттигиндеги тинтүү боюнча тынчсызданууда

09:54, 16 января 2024, Бишкек - 24.kg

Норвегиянын Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесиндеги жүргүзүлгөн тинтүү боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу уюм Х социалдык тармагында билдирди.

Белгиленгендей, комитет пикир эркиндиги жана аны эркин билдирүү маселеси боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын кеңсесине кайрылып, бул маселени кыргыз бийлигинин алдында көтөрүүну суранган.

УКМКнын кызматкерлери редакциянын кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келишкен. Башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязова суракка алынды. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган.

УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси бонча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.