Чүй облусунун Сокулук районунда Айыл чарба министрлигинин алдындагы жер ресурстары кызматынын кызматкерлери кармалды. Алар «жер мафиясын» уюштурууга шектелип жатканын УКМК билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бир катар кызмат адамдарынын Сокулук районундагы «ВОССТ-2» участогундагы 15 гектар жерди «жер мафиясынын» жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгон Ж.Н.К.нын аффилиацияланган адамдарына мыйзамсыз тариздөөгө катыштыгы бар экендиги аныкталды.
«15 гектар жер жеке турак жай курулушу үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн, алардын ар бири орточо эсеп менен 8 миң доллар турат, бардыгы 2 миллион 400 миң долларды түзөт. Мындан тышкары, Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат (Военно-Антоновка айылында 100 гектар жана Ысык-Ата районунун «Рухий Мурас» конушунда 200 гектар), анын орточо баасы 81 миллион долларга бааланган, башкача айтканда 7 миллиард 249 миллион 500 миң сом», — деп билдирди мекеме.
Ошол эле учурда мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып коюу, кийин аларды жеке баюу үчүн сатуу максатында «жер мафиясынын» мыйзамсыз ээлеп алуусу боюнча коррупциялык схема бар экендиги аныкталган.
Маалыматта белгиленгендей, коррупциялык схема Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлеринин (мурда "Кадастр«ММ), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана жеке нотариустардын ортосунда сүйлөшүп алуу аркылуу жер участокторунун жасалма документтери берилип, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн «жер мафиясынын» аффилиацияланган жактарынын пайдасына мамлекеттик актылар чыгарылган.
Ж.Н.К. мыйзамсыз алынган жер тилкелерин сатуу мүмкүнчүлүгүн тездетүү үчүн калктын социалдык жактан аялуу катмарынын кызыкдар тобуна акча төлөп, жер тилкелерине укуктарды тез арада каттоого убада кылуу менен нааразылык акцияларынын уюштуруучусу болгон.
2023-жылдын жаз-жай айларында Ж.Н.К.дан акча алган митингчилер министрлер кабинетинин имаратынын алдындагы массалык нааразылык акцияларында Сокулук районундагы «Восст-2» жерлерин трансформациялоону тездетүү талаптарын бир нече жолу коюшкан.
Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Камакка алынгандар:
- Ж.Н.К., 1972-жылы туулган, «жер мафиясынын» жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу;
- Ж.М.Ж., 1975-жылы туулган, Ж.Н.К.нын аффилиацияланган адамы;
- Д.М.Э., 1981-жылы туулган, АЧМ караштуу жер кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
- А.Б.С., 1972-жылы туулган, АЧМ караштуу жер кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
- О.А.К., 1965-жылы туулган, АЧМ караштуу жер кызматынын Сокулук филиалынын бөлүмүнүн мурдагы башчысы.
Учурда УКМК тарабынан Чүй облусунун башка райондорунда дагы ушул сыяктуу коррупциялык схемаларды ачууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.