14:21, 12 января 2024, Бишкек - 24.kg
Ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 7-январда Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна курсагына бычак сайылып жана ички кан агуу диагнозу менен чет мамлекеттин жараны түшкөн.
«Милиция чет элдин жараны Б.К. чыр-чатак учурунда А.Р аттуу жердешинин курсагына кайчы менен сайып жибергенин аныктады», — деп билдирди мекеме.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду. 1990-жылы туулган Б.К аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иши уланып жатат, бардык экспертизалар дайындалды.