Кыргызстандын төрт облусундагы бир нече калктуу конуш айыл болду
11:47, 12 января 2024, Бишкек - 24.kg
Президент «Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Ал 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты болуп:
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов;
- Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик;
- Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек;
- Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач;
- Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал;
- Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.