Борошодон улам «Арал» постуна киргизилген чектөө алынды

10:12, 12 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 8.30да «Арал» постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

№ 23 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери Бишкек — Ош трассасын, Ала-Бел ашуусунун, Чычкан капчыгайынын жолдорун тазалап, тайгаланууга каршы инерттүү материалдарды себип жатышат.

Эскерте кетсек, аба ырайынын начарлашына байланыштуу чектөө кечээ саат 17.00дө киргизилген.