Кыргызстандын эл аралык резерви 3,2 миллиард доллардан ашты

09:19, 12 января 2024, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резервдери 3 миллиард 236,48 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланат.

Бул акыркы эки жылдагы резервдердин эң жогорку деңгээли. Декабрда эл аралык дүң резеврдер 184,48 миллион долларга өскөн. 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу алар 438,39 миллион долларга көбөйгөн. Резервдердин эң жогорку көрсөткүчү 2021-жылдын сентябрь айында катталган — 3 миллиард 241,14 миллион доллар.

Фото

Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 12 интервенция жасап, 610 миллион 840 миң долларды сатыкка чыгарган.