16:54, 11 января 2024, Бишкек - 24.kg
Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов жана Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) тарабынан Кыргызстандын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган.
Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси жана 245-беренесинде каралган «Бийликти күч менен басып алуу», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» негизинде кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү күндө Имамидин Ташов менен Тилекмат Күренов тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.
«Имамидин Ташов жана Тилекмат Куреновдун ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, толук көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде Имамидин Ташов тарабынан даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды», — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалып, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган.
УКМК белгилегендей, М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү жана башка) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон. Ошондой эле анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген.
Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алып келинип, кармалды. Анын негизги милдети АКШдагы ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, Имамидин Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган.
ИмамидинТашовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынды.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.