Баткенде жолдошу аялын көчөдө муунтуп өлтүрдү

16:11, 11 января 2024, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА

Баткенде жаран өзүнүн 22 жаштагы аялын көчөдө пикир келишпестиктен улам муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Фото Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы

Каргашалуу окуя 2-январда Кадамжай районунун Ирелеш айылында болгон.

«Саат 15:00 чамасында Ж.Г. аялы А.К. менен көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Ошол учурда жолдошу аялын колу менен муунткан. Келин окуя болгон жерде каза болгон. Жубайлардын экөөсүнүн тең кулагы укпайт жана сүйлөй алышпайт, алардын эки кызы бар», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ж.Г аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.