«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев Жогорку Кеңештин мүлк, менчиктештирүү жана лицензиялоо боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин (Баткен-Комфорт базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаган.
Алар «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакетин (64,38 пайыз) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.
«2024-жылдын 9-январында министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган. Мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 миллион сомго жакын каражат (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт», — деп билдирди УКМК.
«БГАТП» ЖАКтын калган акциялары Аскар Шадиевдин жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган. 2020-жылдан бери ал Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө. Акцияларды мамлекеттин менчигине кайтаруу үчүн сот тартибинде аларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.