Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы айрым айылдардын аталышы өзгөртүлөт
09:21, 11 января 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда:
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы;
- Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы;
- Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы;
- Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы;
- Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.