Экономика министрлиги: күйүүчү-майлоочу май рыногунда абал туруктуу

16:58, 10 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май рыногунда баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 8-январына карата АИ-92 бензининин республика боюнча орточо баасы литрине 63,03 сомду, дизелдик майы 70,9 сомду түзөт. Министрлик азыркы учурда республикада КММ запастары жетиштүү көлөмдө бар экенин, бул өз кезегинде рыноктогу бааларды турукташтырууга оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Кыргызстанда мунайзаттарга жылдык керектөө болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт. Бензиндин орточо суткалык керектөөсү 1 миң 781 тонна, ал эми дизелдики 1 миң 507 тонна.