USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

«Кыргызавтожолдун» кызматкерлери мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирген

16:29, 10 января 2024, Бишкек - 24.kg

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, «Кыргызавтожол» ишканасынын Таластагы филиалынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында аудитордук текшерүү жүргүзүлдү.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирилгени аныкталып, толугу менен кайтарылды», — деп билдирди УКМК.

УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 0312660475 телефону аркылуу маалымдоого чакырат. Анонимдүүлүк кепилденет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика