Азия Кубогуна даярдык. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Вьетнамды утту

10:47, 10 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кечээ Дохада Кыргызстандын курамасы менен Вьетнамдын командасы беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Оюндун 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл эсепти ачты. Экинчи таймда атаандаш эсепти теңеп, бирок Айзар Акматов 75-мүнөттө Кыргызстандын командасын алдыга алып чыкты. Жыйынтык — 2: 1.

Беттеш машыгуу мүнөзүндө гана өткөрүлдү. Бул Азия Кубогуна даярдык көрүүнүн жыйынтыктоочу беттеши болду. Кыргызстандын курамасы чемпионаттын алкагындагы биринчи оюнду 16-январда Таиландга каршы өткөрөт.

Фото