04:03
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги «УСТА» базарынын директору ижарачылардан мыйзамсыз акча чогулткан

«УСТА» курулуш материалдары базарында ижарачылардан ижара келишиминде каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалды.

«Мындан тышкары, ижара төлөмдөрүн 30 пайызга кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, администрация кирешесинин азайышына жол бербөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун максатында арендалык келишимдерде каралбаган кошумча акча каражаттарды алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө ижарачылардан алууну уланткан. Ошол эле учурда базардын администрациясы жеке ижарачылар менен ижара келишимин түзгөн эмес», — деп билдирди мекеме.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Шектүү

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, «УСТА Билдинг» ЖЧКсынын коммерциялык директору М.М.М. кармалды жана убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, ишкердик жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктардын жана туура эмес шарттардын ар кандай фактылары аныкталса мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар