Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев каза болду

10:01, 08 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кечээ кыргыз киносунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев каза болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтында кабарланды.

Коштошуу 9-январда болот.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда төрөлгөн. «Кыргызфильм» киностудиясында 1959-жылдан бери иштеп келген. Костюм боюнча сүрөтчү, ассистент жана коюучу-декоратор, сүрөтчү-коюучу болгон.

Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим», Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму», ошондой эле Геннадий Базаровдун бир нече тасмаларын тартууга катышкан. «Чыңгыз хан» (АКШ/Италия), «Жамбыл» (Казакстан) жана башка тасмалардын сүрөтчү-коюучусу болгон.

Фото open.kg. Муса Абдиев

24.kg Муса Абдиевдин туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.