УКМК: Терроризм актылары тууралуу жалган маалымат бергендер кармалды

16:56, 29 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймактарында жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган төрт өспүрүм кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК 30-ноябрда жана 18-декабрда Бишкек шаарындагы мектептерде жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөнүн белгиледи.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14, 15 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Алар чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрутма беришкен.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

«Бул аракеттер жеке максаттарга, атап айтканда, бейбаштык мүнөздө окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган», — деп билдирди мекеме.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалган жарандар мыйзамга ылайык жазага тартылат.

УКМК бул жосундарды жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.