20:48
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

93 миллион сомду түзгөн аткезчилик товарлар мамлекеттин пайдасына алынды

Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу үчүн түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу 93 миллион 441 миң 460 сомго (4 миң 378 телевизор, 3 миң 162 уюлдук телефон, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна жез жана башкалар) аткезчилик товарлардын ири партиясын алып өтүүгө аракет кылышкан.

18-майда Кадамжай райондук сотунун чечими менен товар мамлекеттин пайдасына конфискацияланган. Алар кылмыш ишинин катышуучуларына таандык болгон. Шектүүлөр кызмат адамына пара берүүгө аракет кылып, күнөөлүү деп табылган. Алар 1 миллион 550 сом айыпка жыгылган. Ошондой эле акцизсиз тамекилерди сатуу фактысы аныкталып, 8 миллион 804 миң 220 сом айып салынган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик конфискацияланган товарларды мамлекеттин пайдасына сатуу үчүн мамлекеттик ишканаларга өткөрүп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар