«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды

13:28, 29 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандык сектордун кайрымдуулук жана ыктыярдуу ишмердүүлүктү колдоо өкүлүнүн катышуусу менен кара куурай тобунун баңгизаттарды сатуу каналы жоюлду.

«Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. башкаруусундагы «Мазда-6» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, андан текшерүү учурунда «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсүнүн күбөлүгү табылып, алынган», — деп билдирди мекеме.

Ошондой эле кармалган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 272 грамм гашиш табылды. Ал мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.