Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болду

11:31, 29 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тескемеге мамлекет башчысы кол койду.

Буга чейин Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Кыргызстандын Эмгек сиңирген юристи. Юридика илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кызматтын I даражадагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-лейтенанты.

2020-жылы Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып, бирок ошол эле жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.