Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти

10:54, 29 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн чыгышына гирляндадагы кыска туташуу себеп болгон. Өрт өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, Кара-Көлдө үчүнчү жолу майрамдык балаты күйүп кетти. Биринчи жолу ал 2022-жылдын 1-январында, экинчи жолу ошол эле жылдын 23-декабрында күйүп кеткен.