17:17, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өлкө башсынын басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлыктарды социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор, ошондой эле кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери менен айырмалангандар алышты.
Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор
Садыр Жапаров
III даражадагы «Манас» ордени менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков сыйланды.
Тентимиш Мураталиевге «Даңк» ордени берилди. Президент ал жарым кылымга барабар өмүрүн педагогикалык ишмердүүлүккө арнап, дүйнөлүк классиктердин 20дан ашуун чыгармаларын аткарып, алар кыргыз радио-телекөрсөтүүсүнүн алтын казынасынан орун алганын белгиледи.
«Дал ушундай сыйлыкка татыган Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков да арабызда олтурат. Анын жетекчилиги астында фонддун ишмердүүлүгү тарыхый максимумга жетти деп айтууга толук негиз бар. Ага өнөр жай, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана башка тармактар боюнча каржыланып жаткан ири долбоорлор күбө», — деди өлкө башчысы.
«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам белгилүү киноактер Догдурбек Кыдыралиев менен улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаевага ыйгарылды. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жогорку категориядагы опера солисти Сталбек Жунушалиев татыды.
Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин биология мугалими Фарида Дооранова менен Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектептин башталгыч класстар боюнча директорунун орун басары Гүлнара Кайдылдаева «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйланды.
Сыйлыктар маданият, илим, мамлекеттик кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт, коргоо-коопсуздук жана башка тармактарда эмгектенгендерге тапшырылды.