18:16
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

«Чек талап кылып, байге утуп ал!». Лотореянын өртүнчү күнү болуп өттү

Бүгүн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун төртүнчү күнү болуп өттү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Түз эфирдин жүрүшүндө 234 байге ойнотулду: 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson чач кургаткычы.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат: 13.00.

Эскерте кетсек, 25, 26 жана 27-декабрда 751 байге ойнотулду. Утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо берилет. Утуштар саат 15:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар