Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн суммасын 111 миллиард сомго чейин көбөйтүү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бажы кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Садыр Жапаров быйылкы жылдын 11 айында бажы төлөмдөрүнүн суммасы 100 миллиард 755,3 миллион сом болгонун белгиледи. Алдына ала белгиленген божомол 108,2 пайызга аткарылган. Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн суммасын 111 миллиард сомго чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бул бардык жылдардагы чогултуунун рекорддук көрсөткүчү болмокчу. Бул пландаштырылгандан 10 миллиардга көп.
«Бажы кызматынын жетекчилигине 107,6 миллиард сом чогултуу тапшырмасы коюлган эле, силер бул тапшырманы ийгиликтүү аткардыңар», — деп билдирди президент.
Ал Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча ишмердигинин натыйжасында бюджетке кошумча 657,6 миллион сом түшкөнүн айтты. Бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 5 миң 547 факт боюнча укук бузуулардын жана кылмыштардын зыяндары аныкталды.
Мамлекет башчысы өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүн жакшыртуунун, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун жана жүргүзүлүүчү бизнес-процесстердин ачыктыгынын натыйжасында гана күтүлгөн жыйынтык орундаларын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу 300дөн ашык жүк ташуучу унаа өтсө, модернизациялоо аркылуу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 1 миң унаага чейин жогорулатуу керек. Башка өткөрүү пункттарында да ушундай иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл», — деди ал.
Садыр Жапаров бажылык башкаруу, бажы процесстеринин ачык-айкындуулугу электрондук системалардын киргизилиши менен кыйла жакшырганын билдирди.
Ал мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы жүрүм-турумду жана мыйзамды так сактоо принциптерин калыптандыруу — алардын ишинде артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.