14:07, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында АФК Кубогунун плей-офф раундунун чүчүкулак аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.
«Абдыш-Ата» ата мекендик футбол клубу Борбордук зонанын чемпиону болуп, 2023-2024 АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты. Турнирдин бул этабында беш зонадан 11 команда ойнойт. Бүгүнкү чүчүкулактын жыйынтыгында «Абдыш-Атанын» интерзоналдык жарым финалда атаандашы Кытай Тайбэйинин «Тайчунг Футуро» футбол клубу болду», — деп айтылат маалыматта.
ASEAN, Борбордук, Түштүк жана Чыгыш зоналарынын чемпиондору «үйдө жана конокто» форматында өтүүчү интерзоналдык жарым финалда ойнойт. Жеңүүчүлөр финалда беттешет.
Эскерте кетсек, интерзоналдык жарым финал оюндары 6-7 жана 13-14-март күндөрү 2024-жылы өтөт.