Бишкек шаарында 120 жакын күрөөкананын ишмердүүлүгү текшерилди

12:43, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА

Бишкек шаарында 120 жакын күрөөкананын ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү лицензиясы жок иштеген эки күрөөкана, салык мыйзамдарын одоно бузган эки жана иш-аракетинде насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган үч ломбард аныкталды.

Ошондой эле 200 пайыздан ашкан пайыздык үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузган учурлар (ээсинин билбестен транспорт каражаттарын жана башка каражаттарды пайдалануу/сатуу) белгилүү болду.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

«Буга байланыштуу 120 ломбарддын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43 пайызга чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилди. УКМКнын демилгеси менен 29-декабрда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында бардык ломбард жетекчилеринин чогулушу пландаштырылууда. Анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылат», — деп билдирди УКМК.