Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болду

11:00, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Олимпиада 24-27-декабрда Баку шаарында математика, физика жана химия боюнча өткөн.

Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

«Ян Бобрус математика боюнча жалпы 40 упайдан 40 упай, физикадан 10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган», — деп белгиледи мекеме.

Кыргызстандын командасынын курамына төмөнкү окуучулар кирген:

  • Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — 54 упай;
  • Жасурбек Тешабаев, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу — 26 балл;
  • Иса Мамытов, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу — 10 балл.

Олимпиадага Азербайжан, Грузия, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген окуучулар катышты.