10:40, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абадда «Ислам мамлекети — Вилаят Хорасан» эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16 жаштагы өспүрүмдөр уюмга интернет аркылуу кошулган.
«Чет элдик эмиссарлардын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан», — деп билдирди мекеме.
Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, эмиссарлар менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле «Ислам мамлекети — Вилаят Хорасандын» жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (Террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилди. Алардын Кыргызстандын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.