Бишкекте балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы ачылды

09:46, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Манас проспектиси, 12 дарегинде жайгашкан.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ачылыш аземинде балдарга өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында балдар бейтапканасын уюштуруу чечими кабыл алынганын белгиледи.

«Шаардын жашоочуларынын саны өсүп, ошого жараша балдар ооруканаларына кайрылгандардын саны өсүүдө. Жыл сайын КРВИ жана сасык тумоо сезонунда Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда узун кезек күтүүлөр болот. Күнүнө 700гө жакын бала кайрылса, кайрылгандардын 80 пайызы амбулатордук бейтап болуп саналат. Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылышы ооруканалардын жүгүн азайтып, кезек күтүүлөрдү кыскартып, алардын ишин жакшыртат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Фото

Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын директору Айнура Абдылдаева билдиргендей, бейтапкана башка үй-бүлөлүк медицина борборлору сыяктуу иш алып барат. Дарыгерлер күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. КРВИ жана сасык тумоо сезонун эске алып, дарыгерлер ишемби жана жекшемби күндөрү нөөмөттө болуп, саат 14:00гө чейин кабыл алышат.

«Толук кандуу 2024-жылдын 2-январынан тарта иштей баштайбыз деп пландап жатабыз. Бизде азыр педиатрлардан тышкары логопед жана балдар ортопеди, хирург, невропатологдор бар. Балдар адистерин тартуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бизде балдар гинекологу, ЛОР, сурдолог, логопед, невропатолог, ортопед, хирург дарыгерлери кабыл алуу жүргүзүшөт», — деди бейтапкананын директору.