Бороондон улам Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

15:37, 27 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилди. Төө-Ашуу ашуусунда бороон болуп, жол жакшы көрүнбөй жатат.

Башкармалык айдоочуларды жолдо этият болууга чакырат.