Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстанга 1:4 эсебинде утулуп калды

14:07, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу Facebook баракчасында билдирди.

Эсеп 1: 4 менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын курамасында голду Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.

Машыгуу мүнөзүндөгү оюн командаларды Азия Кубогуна даярдоо максатында өткөрүлдү.

Кийинки беттешти Кыргызстандын курамасы 30-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен өткөрөт.