12:57, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА
Бугүн, 26-декабрда Бишкектеги № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунда бейтап дары ичкенден кийин каза болду. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына ооруканадан билдиришти.
«Бул анафилактикалык шоктон улам болдубу же жокпу азырынча белгисиз. Анын көптөгөн диагноздору, жүрөк патологиясы бар болчу, так корутунду азыр бере албайбыз. Бейтап дайыма бир эле дарыны алып жүргөн. Азыр топ иштеп жатат», — деп билдиришти ооруканадан.
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы азырынча толук маалымат бере алган жок.