Бир жумада сасык тумоонун 16 миңден ашуун учуру катталды

10:53, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир жума ичинде, 18-декабрдан 24-декабрга чейин курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 16 миң 223 учуру катталды. Бул туууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу 40,2 пайызга өсүү байкалган, бирок 2022-жылдын ушул эле жумасынан айырмаланып, оорулардын саны 2,1 эсеге азайган.

Орругандардын 65,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Бул эпидемиологиялык сезондо негизинен сасык тумоонун А түрү жана башка респиратордук вирустук инфекциялар жүрүп жатканын белгиледи департамент.

Ковидге дагы мониторинг кылуу улантылууда. 2023-жылдын башынан бери калк арасында 479 учур катталган.

Азыр жума сайын экиден бешке чейин учур катталат, оор учурлар жок. Кайрылгандар негизинен амбулатордук дарылоодон өтүп жатышат.

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук өсүшүн, ошондой эле балдардын жаңы жылдык балатылары, корпоративдер, кечелерди эске алып, медиктер алдын алуу чараларын сактоого чакырышат.

Балада сасык тумоонун симптомдору байкалган учурда жакшы болгонго чейин мектепке же бала бакчага жиберүүгө болбойт. Жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылуу керек.