USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард доллардан ашты

09:22, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Октябрдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 6 миллиард 590 миң долларды (535 миллиард 972,58 миллион сом) түздү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 4 миллиард 482,43 миллион доллар (400 миллиард 370,38 миллион сом) тышкы карыз, ал эми 1 миллиард 518,16 миллион доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) бул ички карызды түзөт.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 13,58 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 4,15 миллион долларга азайып, ички карыз 17,72 миллион долларга өскөн.

Октябрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 57,82 пайызын түздү.

Тышкы карыздын жарымынан көбү (52,4 пайызын) Кыргызстандын көп тараптуу зайымдары — 2 миллиард 347,93 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 77,55 миллион доллар (тышкы карыздын 46,3 пайызы) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 38,1 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз ээлейт, ал октябрь айынын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 705,85 миллион долларды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика