Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

16:37, 25 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандын айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду.

Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы белгиленет. Ал 2021-жылдын октябрь айында министр болуп дайындалган.