12:56, 25 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Депутат Дастан Бекешев чет өлкөлөрдө жасала турчу балдардын операцияларына каражат чогултуу үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, токтомду жазууда ал Орусиянын практикасына таянган.
«Өзүңүздөр билгендей, азыр медициналык операция боюнча жарандар кайрылып жатышат. Социалдык тармактарда дагы өтө көп кайрымдуулук негизинде акча чогултуп жүрүшөт. Бизде кээ бир операциялар кылынбайт экен. Көбүнчө ал акчаларды чогулта албай жүрүшөт. Мен Россиянын тажрыйбасын алдым. Алар дагы указ негизинде атайын фондду түзүшкөн. Фонд аркылуу жарандар конкреттүү түрдө бир балага же жалпысынан жардам бере алышат. Берген каражат сайтта так көрүнүп турат. ЖМКлар аркылуу социалдык жарнаманы бекер чыгарып, лоторея, СМС негизинде акчаны чогултууну сунуштап жатабыз. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигине Кыргызстанда жасалбай турган операциялардын атайын реестрин түзүү тапшырмасын берип жатабыз. Фонддун ишин медициналык кызматкерлер жана ишкерлер кирген камкорчулар кеңеши көзөмөлдөйт», — деди Дастан Бекешев.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын демилгесин колдоду. Анын айтымында, Кыргызстанда сөөк чучугун жана боорду алмаштыруу боюнча операциялар жасалбайт.