11:18, 25 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Кара-Суу районунда TikTok социалдык тармагы аркылуу улуттар аралык араздашууну козутууга шектелген 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, видео декабрдын башында тараган.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 2003-жылы туулган жергиликтүү тургун кармалып, камакка алынды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.