17:50, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА
Коомдук транспортто жол кире накталай эмес төлөнсө 17 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
Накталай жол менен жүргүнчү 20 сом төлөшү керек болот.
Максатбек Сазыкулов белгилегендей, октябрь айында мэрия долбоорду шаардык кеңешке киргизип жатканда жол кире акысын 20 жана 25 сом деп белгилөө сунушталган. «Бирок коомдук талкууну эске алып, биз тарифти өздүк наркынан — 20 сомдон жогору көтөрбөөнү чечтик», — деди ал.
Вице-мэр кээ бир электрондук капчыктар аркылуу төлөгөндө жүргүнчүлөргө кэшбэк кайтарыларын кошумчалады. Мындай жол менен жол кире дагы да төмөндөйт. «Биздин мамлекеттик өнөктөштөр, тактап айтканда «Мегапэй» компаниясы менен шаардыктар үчүн жол акысы ошол эле деңгээлде калат — 11 сом, ал эми жогорулатылган бөлүгү кэшбэк катары кайтарылат», — деди ал жана муниципалитет башка компаниялар менен да кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Жол акыны «Тулпар» картасы менен төлөсө, баасы 17 сомду түзөт.
Максатбек Сарыкулов эгер тариф көтөрүлбөсө, келерки жылга муниципалдык ташуучуларга дотацияга 1,2 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынарын кошумчалады.