№ 6 автобустун маршруттук схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим мекемелер аралык комиссиянын жыйынында шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруу үчүн жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынды.
Эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушуна каттайт.
«Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген», — деп белгиледи мэрия.