Алымкадыр Бейшеналиев: Бишкек, Ош шаарларында 500 орундуу ооруканалар курулат

16:49, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА

Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-2024-жылдарга карата бюджети каралып, кабыл алынды.

Жыйында депутат Русланбек Жакышов саламаттык сактоо министринен жакынкы жылдары Кыргызстанда канча оорукана курула турганын сурады.

«Өкмөттүн тапшырмасы менен 100, 200 жана 300 орундуу 20 оорукана куруу пландалган. Бул маселени кечээ министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкууладык. Бишкек жана Ош шаарларында 500 орундуу ооруканалардын курулушун баштайбыз», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал белгилегендей, медициналык мекемелерди капиталдык оңдоодон өткөрүүгө да бюджеттен акча каражаты каралып жатат.