«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жана e-meria.kg порталында маршруттук каттамдарды жаңылоо боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эми борбор калаанын тургундары жана коноктору жаңыланган маршруттук каттамдар боюнча кичи автобустардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.
№ 169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104, 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 11 199, 179, 260, 211, 185, 250, 254, 285, 111, 216, 134, 202, 208, 227, 143, 129, 240 коомдук транспортунун маршруттук каттамдары жаңыланды.
Мындан тышкары, «Газпром Кыргызстандын» «Бишкекгаз» филиалынын маалыматтык системасы менен интеграция жүргүзүлдү. Шаар тургундары «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жаратылыш газы үчүн эсептерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Тиркемеде кошумча өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маанилүү эскертүүлөр жана билдирүүлөр, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү боюнча маалыматтар болот.