09:47, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан жана Германия илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин мамлекеттик катчысы Юдит Пиршердин жолугушуусу болуп өттү.
Ага Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев дагы катышты.
Догдуркүл Кендирбаева илимий изилдөөлөр жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү, санариптик билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты колдоонун жана өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн билим берүү мекемелери, илимий уюмдарынын академиялык байланыштарын чыңдоонун, Кыргызстанда немис тилин окутууну колдоонун, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана алдыңкы педагогикалык ыкмалар, технологиялар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.
Юдит Пиршер герман тарап эки өлкөнүн илимий мекемелери менен окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар 2024-жылы Кыргызстанда кыргыз-немис илим күндөрүн өткөрүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу ниети тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.