Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү мыйзамын талкуусуз кабыл алды

12:01, 20 декабря 2023, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырышты.

Тууну өзгөртүүнү 59 депутат колдоп, бешөө каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүнү кабыл алган кесиптештерин куттуктады.

«Урматтуу депутаттар! Баарыңыздарды мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм! Бул эч кандай өзгөртүү эмес, бул оңдолуу. «Легендарлуу парламент» деп кайталай бергенден натыйжа жок. Ар бир мезгилдин өзүнүн легендасы болот. Мен ойлойм, бүгүнкү чакырылыштагы парламент дагы мамлекттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн, — деди ал өз сөзүндө.

Фото Дастан Бекешев. Добуш берүүнүн жыйынтыгы

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төраймы Чолпон Султанбекованын айтымында алты парламенттик фракция туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууга макулдук бергендигин белгиледи.

Тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси өлкө башчысы Садыр Жапаровго таандык. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сунуштаган.

Белгилей кетсек, сунушта туунун ортосундагы күн нурлары толкун сымал эмес, түз болуп көрсөтүлгөн жана чамгарактар үчөө эмес, төртөө болот деп белгиленген. Авторлордун айтымында республикалык бюджеттен эч кандай чыгым кетпейт.

Өткөн аптада болуп өткөн Элдик курултайда Садыр Жапаров бул демилге ага таандык экендигин жана парламенттин төрагасынан мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышын суранганын билдирген.

УКМК башычысы Камчыбек Ташиев мыйзамдын өзгөрүшүнө макулдугун билдирип, туу күн карама сыяктуу элес калтырбай, күн нурундай түз чачырап тууруу кажеттигин айтты.

Туунун алкагындагы ой-пикирлер ушул күнгө чейин айтылып келе жатат. Көпчүлүк каршы экендигин билдирет. Социалдык түйүндөрдө #тууөзгөрбөсүн деген флешмобдор уюштурулуп келет.