Кыргызстанда баш паанек сураган 1 миң 141 адам жашайт

16:33, 18 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жашаган качкындардын саны 138 адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова брифингде билдирди.

1-ноябрга карата Кыргызстанда 138 качкын жашайт, баш паанек сурагандардын саны — 1 миң 141 адам.

Жыпара Мамбетова

Анын айтымында, 16 миңден ашуун чет элдиктерге эмгек квоталары аныкталып, алардын 98,5 пайызы Кыргызстандын аймагында иштешет.

Чет элдик жумушчулардан республикалык бюджетке 229 миллион сом түшкөн.