«Манас» университетине изилдөө борбору үчүн 70 гектар жер берилет

10:51, 18 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 70 гектар жер ижарага берилет. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жер тилкеси президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркынын мөөнөтсүз пайдалануусунда жана Байтик айылында жайгашкан.

Документке ылайык, ижара мөөнөтү 49 жылды түзөт. Жер туруктуу айыл жана токой чарбасы, мал чарбачылыгы боюнча изилдөө борборун уюштуруу үчүн берилет. Университет аны үч жыл ичинде уюштуруп, ишин баштоо керек.