03:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров: Кыргызстан дээрлик 30 жыл коррупциянын айынан өнүккөн жок

Кыргызстан дээрлик 30 жыл коррупциянын айынан өнүккөн жок. Бул тууралуу Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда билдирди.

Ал белгилегендей, антикоррупциялык чаралар аркылуу миллиарддаган долларлар мамлекеттик казынага кайтарылууда.

Мындан тышкары, президент уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

 Эч бир инвестор кылмыштуу элементтери бар өлкөгө акча салбайт. Мындан тышкары, айрым аткаминерлер инвесторлордун ишине тоскоол болуп, паракорчулук жана лоббизм байкалууда. Бул өлкөнүн имиджине зыян келтирет. Коррупцияга каршы аёосуз күрөш улантылып, мындан ары да күчөтүлөт.

Садыр Жапаров

Президент 2025-2030-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кошумчалады.

Анын курамына мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирип, жумушчу топко коррупцияга каршы натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу планын иштеп чыгуу тапшырылды.

«Коррупция менен күрөшүү — бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар